Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардан кабар алды. Министрликтин маалыматына караганда, 30-декабрда Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Бишкекке жеткирилди.
Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды.
Үчүнчү бейтаптын абалы оор бирок туруктуу экени айтылды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунда «Актау» эл аралык аэропортунан 3 чакырым алыстыкта Embraer 190 учагы кырсыкка учураган. Учак Баку – Грозный багыты боюнча учуп бара жаткан. Бортто 67 адам – 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Учакта Азербайжан, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары бар болгон. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 жаран ооруканага жеткирилген.