Connect with us

Ташиев Кыргызстанда эрежесиз эр урушту (UFC) токтотуу керектигин айтты

Кыска кабар | 2 Янв 2025 | 335 | 0

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш (UFC) менен машыгып, өткөрүүнү токтотуу керек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу 1-январда билдирди.

Кайрылууда бул өзүнүн жеке пикири экендигин, келечек муунга терс таасирин тийгизерин, эрежесиз эр уруш спорттун түрү эместигин айтып, аны менен машагып жүргөндөрдүн көпчүлүгү майып болуп калгандыгына токтолду:

“Эрежесиз эр уруш менен көптөгөн жаштар машыгып, аны спорттун бир түрү катары карап «аны менен машыгып, атактуу, белгилүү болот турбаймынбы»,- деп туура эмес ойлонуп алышкан. Мен ачык эле айтып коёюн эрежесиз эр урушту Кыргызстанда өткөрүп, машыгууну токтотуубуз керек. Мунун бизге керекги жок. Азыр көптөгөн күчкө толгон, мушташууга аракет кылган жаштарыбыз 20, 25, 30 жашта. Силер келечекти ойлогула, 40 жаштан ашып, 50 жашка келип калганда жашоого туруксуз болуп, майып болуп калып жатасыңар. Урматтуу эрежесиз эр уруш менен машыккандар, башка спорттун түрүнө өткүлө, чогуу токтотолу. Бул спорттун бир түрү эмес, күчүңөр барбы анда олимпиадалык спорттун түрлөрүнөн катышкыла. Биз ошондо силерге жардам беребиз. Эрежесиз эр уруш биздин келечек муунга терс таасирин тийгизип жатат”,- деди ал.

Ошондой эле ал улуттук спорт олимиада комитеттин башчысына, Маданият министрлигне караштуу спорт департаментинин башчысына кайрылып эрежесиз эр урушту токтотуу боюнча чара көрүүгө чакырды.  

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM