Эки жыл ичинде коррупциялык схемаларга катышкандыгы үчүн 122 бажы кызматкери кызматтан бошотулган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Бажы кызматы катарын коррупционерлерден тазалоо боюнча активдүү иш алып барууда. Ал бул аракеттердин аркасында коррупциялык схемалар толук жоюла элек болсо да, кыскарганын белгиледи.
2023-жылы мурда коррупциялык схема менен байланышы бар делген 88 кызматкер иштен бошотулган. 2024-жылы бажы органдарында 34 кызматкер бошотулду, алардын айрымдарына кылмыш иши козголгон.