Connect with us

ОСАГО: Айыппул салуу жарым жылга жылдырылды

Кыска кабар | 30 Дек 2024 | 341 | 0

Автоунаалардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полиси жок болгондугу үчүн айып салуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды.

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 690 миң унаа катталан, анын 108 миң 500ү гана камсыздандырылган.

Экономика жана коммерция министрлиги автоунааларына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин албаган айдоочуларга айып пулду 1-июлдан тарта салууну сунуштаган.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM