Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ипотека аркылуу батир алгандарды акысын убагында төлөөгө чакырды. Бул тууралуу ал “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде айтты.
Президент өзүнүн чама-чаркына карабай, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экенин, жумушу туруксуз, айлыгы аз болгондор алгач бир бөлмөлүү алып, кийин аны төлөп бүткөндөн кийин алмаштырып, кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди.
“Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акча башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет.
Канча убакыт төлөп келген акчаңар да кайтарылбайт. Себеби ижарада жашасаңар айына андан көп акча төлөмөксүңөр да. Амортизация деген бар. Айып пулдары бар. Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла.
Эгер буга чейин батир алгандардын арасында ал-күчүңөрдү ченебей 3 бөлмөлүү батир алып алгандар болсо дароо бир бөлмөлүүгө алмаштыргыла», -деди президент.
Ошондой эле ал ипотекага батир алуунун шарттары бир топ жеңилдегенин айтты.
Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда 4 пайызга түшүрүлдү. Алдын ала төлөмсүз мөөнөтү 25 жылга жылдырылды. Буга чейин ипотеканын 30 пайызын дароо төлөш керек болчу. Калган суммасын 14 пайыз менен 10 жылга эле берилчү.
Мындн тышкары, 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алса болот.