Биз менен байланышыңыз

Баткен: элдин бийликке коңгуроосу

Саясат | 20 Окт 2022 | 1757 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратып, тажик тарапты чек ара чырын тутандырууга ыктымал болгон иш-аракеттерге барып жатканын айтып айыптады. Ага чейин Тажикстандын коопсуздук кызматы кыргыз тарапты күнөөлөп, чагымчыл аракеттер жасалып жатканын айткан. Бул маселе бүгүн парламент жыйынында да көтөрүлдү. Депутаттар эки тараптын расмий органдарынын жолугушуусу өтүшү керектигин, өкмөттү элдин айткандарын эске алууга чакырды.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы тажик тарап тастыктама катары тиркеген Кыргызстандын куралдуу техникаларынын Баткендеги сүрөттөрү сентябрда болгон жаңжалдагы сүрөттөр экенин билдирди.

УКМК тараткан маалыматта Тажикстан Баткендеги “Головной” деген жердин тушуна жарандык автоунаалар менен ок-дарыларды ташып, аскердик техникаларды топтоого жана жалданмаларды даярдоого атайын мечиттерди пайдаланып жатканы айтылат.

Буга чейин социалдык тармактарда Тажикстандын күч кызматкерлери мечиттердин биринде жарандарга кайрылып, сүйлөп жаткан видео тарап, анда тажик аткаминери калкын “душмандарга” каршы бирге турууга үндөгөн.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да бул маселе көтөрүлдү. Депутат Сүйүн Өмүрзаков коңшулардын чагымчыл иш-аракеттерине жергиликтүү тургундар да күбө болуп жатканын айтты. Ал өкмөттү тажик бийлиги менен сүйлөшүү иштерин тез арада жүргүзүшүн талап кылды.

Кечээ мага Лейлектен жаш балдар келди, алар дагы айтып жатат “биз көрүп жатабыз, окоп казып, даярданып атышат. Оор техникалары алыска кеткен жок” деп. Эми эки тарап тынчтык келишимге келип, протоколдорго кол койгондон кийин, дагы жолугушуу уюштуруш керек да, биз маалымат алып жатабыз, видеотасмалар чыгып жатат деп. Унчукпай отура берсек эртең эмне болот? “Окоп казып атат, курал жарактарын алып келип атышат” деп эл айтып жатып өткөндө ошондой окуя болду. Ошондуктан тез арада сүйлөшүү жүргүзүш керек”, — деди эл өкүлү.

Өмүрзаков чыңалуу тууралуу өткөн айдагы кол салууда да алдын ала сөз болгонун, бирок тургундарды алдын ала эвакуациялоо иштери жүргүзүлгөн эместигин кошумчалады.

Баткен облусунун Достук айылынын тургуну Асанбай Орозкуловдун 14-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда үй-жайы толугу менен талкаланган. Ал учурда чек арадагы абалдан кооптонуп, үй-бүлөсү менен Көк-Таш айылында туугандарынын үйүндө турат.

Орозкулов абал чыңала баштаганда элди эвакуацияга алуу керектигин айтат.

“Азыр так маалымат жок, паника да болушу мүмкүн. Бирок, абал кооптуу болуп жатат. Тынч уйку жок. Качканда биз дайыма эле өзүбүз качабыз. Кудай сактасын деп машинебизге отурабыз, үй-бүлөбүз менен качып жөнөйбүз. Кечээгиде да араң жетиштик, аз эле калды, артыбызга бир канча метрге миномет түштү. Үй бүлөмдү, 90го кирген атам бар, аны салып машинени айдап чыккам. Чыңалууну алдын ала билгенден кийин, элди эвакуация кылыш керек”, — дейт Орозкулов.

Асанбай Орозкулов талкаланган үйүн өкмөт жаңыдан тургузуу иштерин жүргүзүп жатканын, өзү пайдубалынын чиймесин чийип, абалга байланыштуу туугандарыныкына келгенин кошумчалады.

Ал эми Жогорку Кенештин депутаты Чыңгыз Ажибаев 20-октябрдагы парламент жыйынында өкмөткө акыркы кооптонууларга байланыштуу сатып алынган аскердик техникалар тууралуу маалыматтар жашыруун болушун талап кылды. Ага чек арага жакын жашаган тургундар кайрылып, кооптонуп жатканын айтышкан.

“Элдер айтып жатат, “аскер техникаларын алганда, сыр бойдон калтыргыла, биз кооптонуп жатабыз” деп. Кечээ өзүңүздөр көрдүңүздөр, алар көптөгөн окопторду казып жатат. Экинчи сураныч, эл тараптан Баткен облусуна деп чогулган 300 млн сом акчага элге курал алып берсин деген сунуштар келип жатат, карап көрсөңүздөр. Үчүнчү, 500 млн сомдун 250 млнун кыйкырып жатып араң бөлдүрдүк, калган 250 млну эмне болду?” – деди ал.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында башка дагы бир топ депутат бийликти Баткенге көбүрөөк көңүл бурушун талап кылышты.

Сентябрдагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан кийин эки тарап сүйлөшүү жүргүзүп, тынчтык келишимине жетишкен. Протоколдорго кол коюлуп, эки жактан төрттөн чек ара бекеттерин алынмай болгон. Кыргыз өкмөтү кол салуудан зыянга учураган чыгымдын алдын ала суммасын 3 млрд 130 млн сом деп эсептеди.

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, кол салуудан жабыркаган 661 үйдүн 423ү жаңыдан курулууга, калган 238и кайрадан оңдоп түзөөгө муктаж. Азыркы учурда жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштери жүрүп, айрым жерлерде үйлөрдүн пайдубалы тургузулган.

14-17-сентябрь күндөрү болгон Тажикстандын куралдуу агрессиясынан Кыргызстандын 63 жараны, анын ичинен 48 аскер кызматкерлери каза болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM