Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ири медициналык объектилердин курулушу башталганы турат

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 1113 | 0

№4 шаардык ооруканада Катар элчилиги менен биргеликте көп кабаттуу оорукана курулат, учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын курулуш иштери жана жер маселелери боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, №3 балдар ооруканасында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан ири имарат салынат. №6 ооруканада Катар фонду аркылуу кошумча имарат курулат.

Ошондой эле Бакай-Атада үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун куруу пландалууда. Курулуш Катар фонду жана мэрия тарабынан каржыланат.

Жаңы конуштарда социалдык-маданий мекемелер көбөйтүлөт

Copyright © 2017 Maral FM