Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Азербайжандан Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 423 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапары аяктады.

Расмий сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Баку шаарындагы «Ардак аллеяга» барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесине таазим кылды. Ошондой эле «Шейиттер аллеясында» Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскеришти.

20-апрелде «Загулба» президенттик сарайында Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Кыргызстандын Президентин ардак кароол тосуп алды.

Аземден кийин мамлекет башчылары тете-а-тет форматында, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюлду.

Эң маанилүү документ Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация болду.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы ири жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Мамлекет башчы ошондой эле Милли Межлистин төрайымы Сахиба Али кызы Гафарова менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Расмий сапарын аяктаган президент Садыр Жапаров 20-апрелде Бишкекке кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM