Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Европа Биримдиги — Борбор Азия» бизнес-форуму өтүп жатат

Кыска кабар | 5 Ноя 2021 | 521 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия»  бизнес-форуму башталды. Анда Борбор Азия аймагындагы бизнес жана инвестиция маселелери талкууланууда. Форумга 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер, ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди.

2019-жылы тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Европа Биримдиги менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык платформа түзүү макулдашылган.

Мындан сырткары Евробиримдик тарабынан Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата концепциянын стратегиясы кабыл алынган. Анда бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү, жашыл экономика, экология жана башка көптөгөн маселелер камтылган. Буга байланыштуу ири бизнес-форум уюштурулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM