Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 8-кабаттан секирүүгө аракет кылган кыз куткарылды

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 546 | 0

Бишкектин Биринчи май районунун Манас проспектисинде жайгашкан №41 А көп кабаттуу үйүнүн 8-кабатында батирдин балконунан 2000-жылы туулган кыз секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызды куткарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Штаб, ИИМ жана тез жардам кызматкерлери тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM