Биз менен байланышыңыз

Бишкекте тамактан уулангандардын саны 318ге жетти

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 465 | 0

Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында тамактан уулангандардын жалпы саны 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 22 жабырлануучу стационардык дарылануусун улантып жатат, анын бешөөсү балдар. Улуттук госпиталда – 3, балдар ооруканасында – 5, темир жол ооруканасында – 14 адам.

Эскерте кетсек, «Империя пиццы» кафесинен ролла менен тамактангандан кийин массалык уулануу болгон.

Бишкекте тамактан массалык уулануу окуясына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет.

Copyright © 2017 Maral FM