Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көмүр кычкыл газына ууланып бир жаран каза болду

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 757 | 0

Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунун Күйүкова көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн 90 чарчы метр чатыры, балдар бөлмөсү жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен үй ээси 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран көмүр кычкыл газына ууланып, ооруканага жетпей каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:28де Ленин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылган. Кошумча саат 03:46да Биринчи Май райондук  Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн дагы бир бөлүм тартылган.

Турак үйдөн чыккан өрт саат 04:25те чектөөгө алынып, саат 05:28де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM