Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги кара түтүн менен күрөшүүдө жаңы ыкмалар колдонулат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2022 | 1087 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Бишкектеги кара түтүн менен кантип күрөшүп жатканы тууралуу «Маралдын» түз эфиринде маек куруп жатып маалымат берди.

Анын айтымында, өткөн жылы Бишкек, Аламүдүн жана Сокулук райондорунда кара түтүн менен күрөшүү боюнча план иштелип чыккан. Ал пландын бир бөлүгү турак үйлөрдү газга өткөрүп, көмүр жагууну азайтуу болгон.

Ал эми азыркы тапта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен жердин жылуулугу (геотермалдык жылуулук) менен үйдү жылытуу программаны ишке ашыруу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аталган долбоорго 6 миллион доллар керектелет.

«Азыр геотермалдык жылуулукка конуштардагы кээ бир үйлөр өтүптүр. Анын жабдыктары 800 доллар болот экен. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду ким ал жабдыктарды ала турган болсо насыя берүүгө даяр. Ал эми жабдыктарды орнотууга 600 доллар керек экен. Министрлик 500-1000 үйдү геотермалдык жылуулукка өткөрүп көрөлү деп жатабыз. Эгер пайдалуу болсо, санын көбөйтөбүз», — деди министр.

Кутманова кошумчалагандай, Ак-Ордо конушунда эки мектеп тандалып, аларга күндөн электр жарыгын ала турган панель коюлганы жатат. Эгерде көмүргө кеткен чыгымга караганда аз болсо, анда бул ыкма башка мектептерге да жайылтыларын маалымдады.

Министр борбор калаада электр унаалардын санын көбөйтүү керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM