Биз менен байланышыңыз

«Алдыда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган чоң иштер турат»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Фев 2022 | 574 | 0

Тоолордун экосистемасын сактоо максатында быйылкы жылдын иш планына бир нече максат коюлду. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта «Жашыл Кыргызстан» долбоору иштелип жатат, ал жакын арада коомчулукка жарыяланат. Мындан сырткары тоо-токойлордогу кыйылган дарактардын ордуна жаңы көчөт отургузуп, бак-дарактын санын көбөйтүү мерчемделүүдө.

Динара Кутманова тоолордун экосистемасын сактап калууда кен байлыктарды атайын эрежеге ылайык иштетүү зарылдыгын белгилейт. Ошол эле учурда кенчилерге экологияга зыян келтирбөө талабы да коюлат. Бул — жалпы коомчулуктун көзөмөлүндө ишке аша турган процесс.

«Министрликке уюштуруу иштери жүктөлөт. Тагыраагы, көчөттөр кайсы жактан, канчага, кандай алынат, питомниктер кантип көбөйтөт, булардын баары изилденип чыгып, андан кийин көчөт отургузуу картасын түзүп беребиз. Аны менен бирге көчөттөрдүн туура өсүүсүн 3-4 жыл көзөмөлдөйбүз. Ар бир айык өкмөт, ар бир жаран, дегеле жалпы коомчулук бизге кошулуп, биргеликте ишке ашыруусу – өтө маанилүү», — деди Кутманова.

Эске салсак, 2021-жылдын 16-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан демилгелеген сунуш колдоо таап, 2022-жыл «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыяланган.

Мунун негизинде өлкө башчысы Садыр Жапаров «2022-жылды «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп атоо жөнүндө» жарлык чыгарган. Мындагы максат экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, тоолорду, сууну, жаратылыш мурастарын сактап калуу болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM