Жаңы жылды көпчүлүк үй-бүлө жок дегенде бирден салют аттырып, тосуп келет. Бирок акыркы убакта Бишкекте абанын булгануусунан улам, адистер көз ирмемдик кооздук үчүн жарандарды экологияны бузбоого чакырышууда. Ушул эле демилге социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында да колдоого алынып, каражатты керексиз нерселерге сарптагандын ордуна пайдалуу иштерге колдонууга үндөгөн акциялар уюштурулууда. Ал эми шаар бийлиги пиротехникалык каражаттар боюнча бир чечимге келе элек.
Шаар тургундары кандай ойдо болду экен деп собол салып, айрымдарын кепке тартып көрдүк:
— Мурда салют колдончу элек. Азыр албай калдык, акчасын да ойлойбуз.
— 3 жылдан бери салют албайбыз. Ага кеткен каражатты пайдалуу нерсеге сарптаган жакшы.
— Салют албаганыма 4 жылдай болду. Кызыкпай деле калдык.
— Салют атууга каршымын. Бирок жолдошум кээде алат.
— Кытайдын буюмдарын алып эмне кереги бар? Андан көрө, жакшы дасторкон даярдап, неберелеримди киного алып барып, адаттан тыш жакшы жана пайдалуу нерселерди жасайм.
— Ар бир жаңы жылда салют атабыз.
— Балдарга салют атуу кооптуу экенин, айланага терс таасир тийгизерин түшүндүрөм.
— Пиротехникалык каражаттарды колдонуу салтка айланган да.
Социалдык тармактардын колдонуучулары, бир катар активисттер акыркы жылдары пиротехникалык каражаттар үчүн кеткен акчаны кайрымдуулукка жумшоого үндөп келишет. Жарандык активист, «Элим барсыңбы» ККФнын мурдагы жетекчиси Хабиб Арзыкулов да аталган акциянын демилгечилеринин бири. Арзыкулов мындай өнөктүк адамдарды боорукердикке тарбиялай турганын белгилейт:
— Мисалы, ата-эне салют сатып алгандын ордуна бир жакыр үй-бүлөнүн электр жарыгына болгон карызын төлөсө, балдарына да үлгү болот. 2 мүнөткө жетпеген салютка акча сарптаганча, муктаждарга 1 тонна көмүр сатып берсе, алар 3 ай бою күн сайын батасын берип турганы жакшы эмеспи? Электр жарыгынын акысын төлөй албаган үй-бүлөлөр көп болууда. Аларга колдоо көрсөтүүдө журналисттер, маданият өкүлдөрү үлгү болсо, мамлекеттик кызматтагылар да кыймылдайт. Бирок бул маселе көпчүлүк тарабынан кайдыгер каралууда.
Жылытуу мезгили башталгандан бери Бишкекти каптаган кара түтүн коомдун талкуусунан түшө элек. Бул боюнча экологдор дагы кулак кагыш кылышууда. Адистердин айтымында, жаңы жылдык майрам күнү аттырылган салюттардан чыккан заттар абаны эселеп булгайт. Ар бир пиротехникалык каражаттан зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, кислоталык жаан аркылуу адамдын ден соолугуна да түздөн-түз зыянын тийгизет. Бул боюнча эколог Динара Кутманова да өз пикирин төмөндөгүчө билдирди:
— Салюттар абаны булгайт. Азыр анын үстүнө кара түтүн каптап жатат. Бирок пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салып, айыпка жыгуу керек деген ойдон алысмын. Анткени жылда эле ушундай демилге көтөрүлөт, ага карабастан салюттар көп атылууда. Бул маселени ар бир адамдын аң сезимине куюу зарыл. Экология маселесинде ар бир адам өзүнөн баштап, ойлонушу керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Балким, ошондо коом өзүнөн-өзү «салюттун ордуна башка нерсе кылып, каражатты башка жакка жумшасак болот» деп ойлонот. Ошондо экологияга салым кошуу катары жоопкерчиликти алгач өздөрүнөн башташат.
Ал эми Бишкек мэриясы быйыл жаңы жылдык майрамга карата шаарды жасалгалоо иштери үчүн 5 млн сом бөлдү. Мындан сырткары, 31-декабрда өтө турган майрамдык концертке 3 млн сом каралган. Ал эми салют аттырууга 800 миң сом бөлүнгөн. Бирок шаар бийлиги азырынча пиротехникалык каражаттарды пайдалануу боюнча бир чечимге келе элек. Бул тууралуу Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди:
— Чогулушта сунуштар боюнча талкууларды жүргүзүп жатабыз. Бирок пиротехникалык каражаттар жаңы жылдын символу болуп калды. Мындан улам, азыраак өлчөмдө болсо да, салют аттырабыз дегенге ооп жатабыз. Салют атпоонун юридикалык маселелери каралууда. Каражат бөлүнгөн соң аны иштетүү керек. Акчадан баш тартсак, прокуратура менен Эсеп палатасы вице-мэрди жоопкерчиликке тартат. Бул ар тараптуу маселе болгондуктан, азырынча салюттун атылып-атылбасы боюнча чечим жок.
Психолог Асел Аманованын айтымында, майрамдык салтанатта атылган салюттар адамдарга, өзгөчө жаш балдарга жакшы эмоция, сезимдерди тартуулайт. Бирок мындай эмоциянын ордун башка көндүмдөрдөн да табууга болот. Жаңы жылды үй-бүлөлүк, туугандар менен алаканы күчөтүүчү майрам катары салтка айлантуу алда канча пайдалуу.
— Балдарды салюттун ордуна китеп берип, оюн уюштуруп кызыктырууга болот. Шарт болсо, эл-жер көрүп, туугандардан кабар алса да, бала үчүн жакшы эмоция берет. Салюттарды башка нерсеге алмаштыруу үчүн баланын пикирин угуу керек. Алардан да жакшы идеялар чыгат.
Кошумчалай кетсек, Жаңы жылды утурлай өлкө аймагында бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Ири шаарлардын борборуна балаты отургузла баштады. Быйыл 31-декабрь шейшемби күнгө туура келет.