Биз менен байланышыңыз

Пиротехникалык каражаттарды колдонууда эмнелерди эске алуу керек?

Блог , Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 1211 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникалык каражаттарды тандоо, колдонуу эрежелери боюнча маалымат таратты.

Пиротехникалык каражатты тандоо:

  • Колдо жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаңыз;
  • Пиротехникалык каражаттардын кутусунун сыртындагы колдонуу эрежелери сиз түшүнө турган тилде жазылганын алыңыз;
  • Сөзсүз түрдө жарактуу мөөнөтүн текшериңиз;
  • Кургак кутунун ичинде болушу шарт. Нымдалышып калса, эч качан албаңыз. Себеби ал жарылуу учурунда түз кетпей, тескери учуп, адамдарга же айланадагы буюмдарга зыянын тийгизет. Айыл жерлеринде короого жыйылган чөптү өрттөп жиберүү коркунунчу бар;
  • Сатуучудан пиротехникалык каражаттын текшерүүдөн өткөнү жөнүндө маалыматты жана сатууга уруксат кагазын сураңыз. Себеби текшерүүдөн өтпөгөн каражаттар коопсуздук талаптарына жооп бербей, кырсыктарга себепкер болуп калышы толук ыктымал.

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:

  • Сатып алган соң суу кылып алуудан сактаңыз. Эгер ным болуп калган болсо, колдонбостон балдар жетпеген жайга ыргытып, же көмүп жок кылыңыз. Кургатуу үчүн мешке же жылуулук берүүчү буюмдардын жанына коюу кырсыкка жол ачат;
  • Үйгө алып келгенден кийин +30 градуска чейин ысык, кургак жана балдар жетпеген жайда сактоо керек;
  • Пиротехникалык каражатты колдонуу алдында нускама менен кылдат таанышыңыз, көрсөтүлгөн коопсуз аймактарда гана колдонуңуз;
  • Эң коопсуз жер короо-жайдан, бак-дарактан, жыйылган чөптөн жана башкадан алыс ачык аянт болуп саналат.
  • Тандалган жердин айланасын дыкаттык менен карап чыгыңыз. Жакын жерде (100 метр аралыкта) өрт коркунучу бар обьектилер: автоунаа токтоочу жай, жыгач сарайлар, гараждар, электр өткөрүүчү зымдар ж.б.у.с. болбошу керек;
  • Билигин (фитиль) күйгүзүүдө колуңузду созуп от жандырыңыз да, алысыраак качыңыз;
  • Көрүүчүлөр менен пиротехникалык каражаттын аралыгы көрсөтмөсүнө жараша сакталуу зарыл;
  • Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат. Себеби учкундары терезенин ачык жери же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз;
  • Мас абалында колдонуудан алыс болунуз.

Төмөнкү учурларга тыюу салынат:

  • Атылып бүткөн же атылбай калган учурда салюттун жанына дароо келгенден алыс болуңуз. Кеминде 10-15 мүнөттөн соң ордунан алып, сууга чылап, киши баспаган жерге таштаңыз. Айрыкча колдонуу учурунда эңкейип, үңүлүп карабаңыз. Бир аздан кийин тутанып кетип, көзүңүзгө атылып кетиши мүмкүн;
  • Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле пиротехникалык каражаттын курамын өзгөртүүгө болбойт.
  • Пиротехниканы жабык жайларда: бөлмөдө, кеңседе колдонууга уруксат берилгенин же тыюу салынганын айырмалай билиңиз. Бул нускамасында жазылуу болот;
  • Жаш балдардын өз алдынча колдонуусуна жол бербеңиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM