Биз менен байланышыңыз

Гонконг бийлиги коопсуздук үчүн жаңы жылдык салюттан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 663 | 0

Гонконг бийлиги полициянын сунушу менен 1-январга караган түнү атылуучу жаңы жылдык салюттан баш тартты. Мындай кадам жаңы көтөрүлүштөргө жана калайман каршылыктарга шарт түзүшү мүмкүндүгү менен түшүндүрүлөт.

-Коомдун коопсуздугу биздин башкы максатыбыз болуп саналат. Фейерверк үчүн ар түрдүү көз караштагы масса эл чогулгандыктан, кагылышуулардын алдын алып, салют атпоону чечтик,- деп белгилейт туризм иштери боюнча департаменттин  бишчысы Пан Юкай.

Демонстрациянын кайра күч алуу коркунучунан улам соңку айларда Гонконг бийлиги бир топ иш-чарадан баш тартууга мажбур болууда. Алардын катарында: «Clockenflap» музыкалык фестивалы, эл аралык велоспорт, гольф жана теннис чемпионаттары бар.

Гонконгдо мыйзам бузуучуларды материктик Кытайга өткөрүп берүүгө шарт түзө турган экстрадиция мыйзамын кабыл алууга ниеттенген жергиликтүү бийликке каршы, ушул жайдын башында башталган массалык нааразычылыктар бир нече айга созулду. Бул демилге жокко чыгарылганына карабай, демонстранттар көтөрүлүштү уланта берген. Алгач нааразычылык акциялары жолдорду тороп, күч колдонуу, полиция менен кагылыштар, өрттөө жана вандализм актылары менен коштолгон. Бирок акыркы айда шаардагы абал бир аз тынчып, митингдер да тынч өтө баштады.

Copyright © 2017 Maral FM