Connect with us

Президент прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 22 Ноя 2024 | 213 | 0

Президент Садыр Жапаров Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында прокуратура органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жапаров бүгүнкү күндө прокуратура органдары бирдиктүү, борборлоштурулган система катары жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууда, Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө негизги ролду ойнорун белгиледи.

«Укук коргоо органдарынын ишин координациялоо менен бирге, прокуратура кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун, акыйкаттуулуктун үстөмдүгүн орнотуп, укук тартибин чыңдоо жаатында талыкпастан аракеттенип келе жатат.

Ушу тапта прокуратура органдары натыйжалуу иш алпарууда десек болот. Мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпы көзөмөл багытында 20 миндей укук бузууларды аныктап, аларды калыбына келтирүү боюнча прокурордук чара көрүү актыларын киргизип, жарандарыбыздын укуктарын коргоп, мамлекеттке келтирилген миллиарддаган зыяндардын ордун толтурууга чоң салым кошууда. Сиздер алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан да ыкчам жана сапаттуу аткарасыздар деп ишенем», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM