Connect with us

«Көчмөн Сити» турак жай комплекси мамлекетке өттү

Кыска кабар | 22 Ноя 2024 | 238 | 0

«Көчмөн Сити» турак жай комплекси курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Күн-Туу айылынын тургундары президентке кат менен кайрылышкан.

«2022-жылы жеке компания 31 гектар жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, 2 миң батирди айылдын жашоочуларына жер үчүн берүүнү убадалаган. Алар 40 чарчы метрди түзгөн 1 бөлмөлүү батирлерди бермек. Бирок тилекке каршы, комиссиянын текшерүүсүндө ал жерге эки кабат гана тургузулуп, башка курулуш иштери жүргүзүлгөн эместиги аныкталды. Компанияга 714 үлүш ээлеси 371 млн сом төлөгөн. Компания 157 млн сомун короткон. Биз ошол курулуш компаниянын өкүлдөрүн чакырганда алар финансы каражаттары жок экендигин айтышты. Мындан улам турак жай комплексин толук куруп бүтүрүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга берүү чечими кабыл алынды», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM