Биз менен байланышыңыз

Гонконгдо COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин эки адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2021 | 641 | 0

Гонконгдо кечээ, 13-мартта COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин эки адам көз жумду. Экөөнүн тең өнөкөт оорулары бар болуп, март айынын башында коронавируска каршы эмдөө алып, андан көп узабай ооруканага түшкөн. Бул тууралуу шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин сайтына таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Департаменттин маалыматына ылайык, каза тапкандардын бири — 80 жаштагы карыя кант диабети жана гипертониядан жабыркап келген. Ошондой эле ал буга чейин инсульт да алган. Өлүмүнө ичеги-карын илдети себеп болгон. Ал 1-мартта COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Андан кийин 7-мартта оор абалда ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнөн көз жумган.

Эмдөөдөн каза болгон экинчи адам — 67 жаштагы эркек кишинин да  кант диабети жана гипертония оорулары болгон. Ал коронавирска каршы вакцинасын 2-мартта алган. 11-мартта метростанциялардын биринен күтүүсүз эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылган. Бейтап 13-мартта көз жумган.

Буга чейин Гонконгдун саламаттыкты сактоо департаменти өнөкөт оорулары бар, 2-мартта COVID-19га каршы вакцина алгандан кийин каза болгон 63 жаштагы эркектин жана 55 жаштагы аялдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзгөнүн жарыялаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары бейтаптарга «Sinovac» вакцинасы сайылганын жазышкан. Ошол эле учурда «South China Morning Post» гезити аталган вакцина менен эмделгенден кийин 6 адам каза болгонун маалымдаган.

Гонконгдо COVID-19га каршы эмдөө программасы 26-февралда башталган. Расмий маалыматка ылайык, 13-мартка карата шаарда 177 миңге жакын адам вакцинанын биринчи дозасын алган. Анын ичинен 149 миң 200 адам «Sinovac» вакцинасын,  27 миң 800 адам «Pfizer-BioNTech» компаниясынын «Comirnaty» вакцинасын сайдырган.

Гонконгдо жалпысынан пандемия башталгандан бери 11 миң 257 учур катталып,  203 адам оорудан каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM