Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 11 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 1 Апр 2022 | 422 | 0

Кыргызстанда 1-апрелге карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 86 бейтап, амбулатордук түрдө 59 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 226 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM