Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 7 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 284 | 0

Кыргызстанда 20-мартка карата коронавирус 7 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 23 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 91 бейтап, амбулатордук түрдө 87 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 809 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 68 киши айыгып чыкса, 2 миң 979 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM