Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган 71 бейтап ооруканада дарыланууда

Кыска кабар | 11 Апр 2022 | 488 | 0

Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле илдеттен айыккандар жана каза болгондор да катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 71 бейтап, амбулатордук түрдө 14 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM