Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустун жаңы 7 учуру катталды

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 762 | 0

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алганда, Бишкекте беш, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылды. Илдеттен эки жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.

55 бейтаптын ичинен 37синин абалы орто оор, 14ү оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM