Биз менен байланышыңыз

Бүгүн коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыска кабар | 4 Апр 2022 | 439 | 0

Кыргызстанда 4-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 5 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 96 бейтап, амбулатордук түрдө 46 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 248 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM