Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 69 адам дарыланууда, 4 бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 370 | 0

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда илдеттен айыккандар жана каза болгондор да болгон жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда 69 бейтап, амбулатордук түрдө 16 адам дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 41инин абалы орто, 24ү оор жана төртөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 970 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 303 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM