Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан төрт бейтап каза болуп, дагы 479 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 425 | 0

Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 289, Чүй облусунда – 101, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 16, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда – 18, Ош шаарында – 7, Талас облусунда – 8 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 629 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1044 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыгып чыкса, 2 миң 862 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM