Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирус 788 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 393 | 0

Кыргызстанда 21-январга карата коронавирус 788 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 523, Ош шаарында – 12, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 17, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 28 жана Баткен облусунда 30 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 284 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1075 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 429 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 193 миң 816 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 976 киши айыгып чыкса, 2 миң 843 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM