Биз менен байланышыңыз

Коронавирус 41 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 551 | 0

Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 20, Чүй облусунда – 14, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM