Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштейт

Кыска кабар | 31 Дек 2022 | 432 | 0

Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасы бүгүн таң эртеден нөөмөттө турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

Таштанды чыгарууга жалпы 60 адам, 7 атайын техника тартылып, Борбордук аянтка атайын таштанды таштоочу урналар, 40 чоң желим контейнер жана 10 чоң контейнер орнотулат.

Жаңы жылдык майрамдарда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын топтору таңкы саат 6:00дөн баштап шаардын бардык аймагында таштандыларды тазалоо иштерин кадимки режимде жүргүзөт.

«Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин жумушуна кам көрүп, таштандыларды урналарга таштооңуздарды суранабыз», — деп кайрылды мэрия.

Copyright © 2017 Maral FM