Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Mazda» унаасынын айдоочусу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп алды

Кыска кабар | 12 Дек 2021 | 446 | 0

Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин «Mazda» унаасынын айдоочусу сүзүп алды. Бул тууралуу  Патрулдук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 06:45те Жибек-Жолу проспектисинде «Мазда» үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу Осмонкул көчөсүнө жетпей жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Каза болгон адам 47 жашта, ал алган жаракатынан улам тез жардам унаасында ооруканага жетпей каза болгон.

Материалдар  Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM