Биз менен байланышыңыз

«Бишкекке дагы 20 кар тазалоочу техника жетишпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 430 | 0

Кыш мезгилинде көчөлөрдү кардан тазалоо үчүн Бишкек шаарына 6.5 миң тонна туз каралган. Учурда базада 4.8 миң тоннадай туз бар. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кар жаагандан бери 1 миң 562 тонна туз себилди. 30-декабрга чейин кошумча 1 миң 600 тонна туз алынат. Техникалык туз негизинен Казакстандан алынып келинет.

«Кар жааганда 4 бригада (20 техника) төрт районго бөлүнүп, кар тазалайт. Бишкекте кар тазалаган, туз сепкен 20 машина бар. Дагы 20 унаа болсо, калаа кардан бат тазаланып, туз себүү ыкчам жүрмөк», — дейт Сарпашев.

Copyright © 2017 Maral FM