Биз менен байланышыңыз

6-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Дек 2021 | 404 | 0

Эртең, 6-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Бишкекте 6-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…+3, күндүз +6…+8 градус жылуу.

Copyright © 2017 Maral FM