Биз менен байланышыңыз

9-январга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Янв 2023 | 541 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 9-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-4, күндүз +1…+6;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-3, күндүз +4…+6;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-4, күндүз +4…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-4, күндүз +4…+6 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM