Биз менен байланышыңыз

26-декабрга карата аба ырайы

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 369 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, өрөөнүндө түнкүсүн -10…-5, күндүз +1…+3;

Талас облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз +1…+6;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +4…+6 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM