Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 14-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0… -5, күндүз +6…+11;
Талас облусунда түнкүсүн 0… -5, күндүз +7…+12,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 жылуу.