Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлөрдүн абактарында канча кыргызстандыктар бар экени айтылды

Коом , Саясат | 7 Дек 2023 | 2102 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Быйыл чет өлкөлөрдөгү түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан 100дөн ашык кыргызстандык мекенине которулду. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын консулдары Орусиянын миңден ашык түрмөсүн кыдырып чыкканын билдирди. Кулубаев ал жактагы абактарда кармалган кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин, ошондой эле аларды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн маалымдады. Мындан тышкары министр Газа тилкесинен жалпы 4 кыргызстандык эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө Палестина жана Израилден кыргызстандыктарды алып келүү багытында иштер уланууда.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды согушка тартуу аракети болгонун белгиледи. Ал мындай фактылар 2022-жылдын башында катталганын билдирди.

Анын айтымында, чакыруудан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен дароо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргызстандыктарды согушка тартпоого чакырышкан.

Ал эми Орусиянын түрмөлөрүндө камалган кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү баңгизат колдонуу, аны таратууга байланыштуу айыпталгандар.

«Орусия боюнча айта кетсем, кармалган кыргызстандыктардын көбү наркотик, адам өлтүрүү кылмыштары менен жазага тартылган. Башында жеке аскердик уюмдар аларды согушка тартышкан. 2022-жылдын башында ушундай маалыматтар болгон. Биз ошондо түз Орусия өкмөтүнө кайрылып, биздин жарандарга мындай чакыруу кылбагыла деп айтканбыз. Биздин консулдар бир жылдын ичинде миңден ашык түрмөнү кыдырып чыгышты. Биринчи алардын билдирүүлөрүн алышты. Кыргызстанга кетесиңерби же кетпейсиңерби, которобуз деп. Экинчиден, алардын мыйзамдуу милдеттерин түшүндүрүп бердик. Согушка барсаңар кылмыш жоопкерчилигине тартыласыңар деп түшүндүрдүк. Эгер барбайм десеңер, силерди эч ким күчкө салып алып барбайт дедик. Биздин бардык консулдар ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Массалык түрдө чакырып жатат деген маалымат жок».

Орусиянын абактарында мекендештерди экстрадициялоо маселеси Жогорку Кеңеште байма-бай көтөрүлөт. Октябрда депутат Ырысбек Атажанов Орусиянын камактарында жаткан мекендештерди өлкөгө которуу иштери тууралуу өкмөттөн маалымат берүүнү өтүнгөн.

Анын айтуусунда, Орусияда ар кандай себептер менен абактарда жаткандардын ата-энелери балдарын Украинага согушка жиберилүүсүнөн кооптонуп жатышат.

Быйылкы жылдын маалыматына таянсак, ушул күндөрү Орусиянын абактарында 1077 жаран (1205и эркек, 91и аял) отурат.

Министр Кулубаев Орусияга эмгек миграциясына барган кыргызстандыктарга кайрылып, мыйзам чегинде катталып, иштөөгө чакырды. Ал бүгүнкү күндө Орусияда мигранттарга карата катаал шарттар жок экенине ишендирди.

Министрлик мигранттар үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар жаралса, аны чечип берүүгө, экинчи тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

«Орусия демократиялык мамлекет. Ал жакта да адамдын укуктары сакталат. Эгер барып иштейм деген кыргызстандыктар болсо, баргандан кийин ал жакта мыйзамдуу каттталышы зарыл. Эгер ишин которуп, башка жакта жашайм десе, укук коргоо органдарына кабар берип коюшу керек. Кайсы жерде катталсаң, ошол жакта эле иштеп, башка жакка чыга албайсың деген маалыматты биз уккан жокпуз. Эгер андай болсо биз сөзсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Бирок ар бир жаран иштеген жеринде жашаш керек да. Себеби бир шаарда жашап, башка шаарда иштей албайт. Мирганттар жашаган жана иштеген жерин каттоого милдеттүү. Биз муну да жеңилдетип бердик. Эми электрондук түрдө эле жашаган, иштеген жерин каттатып койсо болот».

Министр Палестина жана Израилде жашаган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча да иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, согуш башталгандан бери Газа тилкесинен жалпы 4 кыргызстандык эвакуацияланды. Бүгүнкү күндө Палестинада Кыргызстандын элчилиги жок болгонуна байланыштуу Казакстан, Орусиянын жардамы менен кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу иштери жүрүүдө.

«Согуш башталгандан бери биздин дипломаттар Израилдин жана Палестинанын өкмөттөрүнө кайрылганбыз. Эгер биздин жарандар болсо, чыгарып кетүүгө жардам бергиле деп. Кайрылгандар болсо, биз аларды таап, чыгарууга аракет кылабыз. Казакстан менен Орусия жарандарын мекенине кайтарып жатышат. Алар менен да сүйлөшүп, биздин жарандар болсо, алып чыгууга жардам бергиле дедик. Бирок кайрылгандар көп болгон жок. Ошондуктан төрт эле жаран чыкты. Алар мурун ошол жакка турмушка чыгып, жашап калышкан экен. Израилде жашап жаткан кыргызстандыктардын баарына кабар берилген. Бирок ал өздөрүн коопсуз сезишкендиктен, баш тартышты. Азыркы учурда да бул боюнча иштер жүрүп жатат».

Ушул күндөрү парламентте «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору каралууда.

Аталган мыйзам долбооруна 2019-жылы Башкы прокуратура тарабынан 1983-жылдын 21-мартында Франциянын Страсбург шаарында кол коюлган, ошондой эле Европа Кеңешине кирбеген, бирок документти иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер тарабынан кол коюлган «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө» конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого багытталган.

Башкы прокуратура бул келишим ратификация болсо көптөгөн мекендештерди кайтарууга жол ачыларын билдирет.

Бүгүнкү күндө Түркияда жети кыргызстандык жазасын өтөөдө. Европа өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жалпысынан 13 кыргызстандык бар.

Кыргызстан 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 550 жаранын башка мамлекеттердеги абактардан өлкөгө которду.

Учурда прокуратура соттолгон жарандарды өлкөсүнө кайтаруу боюнча Иран, Түркия, Корея жана башка өлкөлөр менен келишимдерди түзүүдө. Ошондой эле эл аралык конвенциялар бар.

Copyright © 2017 Maral FM