Биз менен байланышыңыз

«Берген тамакты да 10 жылдан бери аш кыла албай жатабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Апр 2021 | 1607 | 0

Борбор калаада таштанды иргөөчү завод 10 жылдан бери курулбай келет. Берген тамакты аш кыла албай жатабыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын турак-жай, коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, таштанды иргөөчү завод куруу үчүн 2011-жылы Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн доллар акча алынган. Анын тең жарымы — гранттык каражат.

«Ушул күнгө чейин акчаны толук иштетип, аягына чыга албай келебиз. Ал эми кредиттин пайызын төлөйбүз. 10 жылдан бери берген тамакты аш кыла албай келебиз. Техникаларды алып, таштанды чакаларынын үстүн жаптырып коюп эле отурабыз. Чындыгында, шаарды таштандыдан арылтуу — калк үчүн пайдалуу маселе», — дейт Ырсалиев.

Ал жаздын келиши менен 3 айлык ишембилик жарыяланганын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ишембиликке чыгып жатканын, алдыда бийлик өкүлдөрү да саамалыкка катышарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM