Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев эми жума сайын таштанды таштоочу жайга барып, абалды көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 26 Сен 2021 | 828 | 0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең менен таштанды таштоочу жайга барып, бир катар тапшырмаларды берди. Бул туурасында калаа башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анын барышына шаардык таштанды таштоочу жайдын аймагына тигүү цехинен чыккан кездемелердин калдыктарын күйүп, түтөп жатканы себеп болгону айтылды.

Азыркы тапта мэриянын кызматтары өрттүн очогун таап өчүрүү жана түтүндүн таралышын токтотууга күч-аракетин жумшап жатат. Айбек Жунушалиев өчүрүү иштерин күчөтүүнү, кошумча техника жана күчтөрдү тартуу тапшырмасын берген.

Ошондой эле калаа башчысы эми ар жума сайын таштанды таштоочу жайга барып берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөй турганы белгиленди.

Аны менен катар санитардык полигонду рекультивациялоо жана түтүн чыгып жаткан тилкени консервациялоо ишин аткара турган эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы менен келишимди бузууну тапшырганы белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM