Connect with us

Казакстандагы учак кырсыгы: Эки кыргызстандык аман калганы маалымдалды

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 542 | 0

25-декабрда Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде Баку-Грозный каттамы боюнча учкан (Эмбраер-190) учак аэропорттун аймагына кулап түшкөн.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги учакта Кыргызстандын үч жараны болгонун, анын ичинен экөө А.Р. жана О.Т. аман калганын кабарлады.

Учурда республикалык штаб түзүлүп, анын курамына Казакстандын бардык ыйгарым укуктуу органдары кирди.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги кыргызстандыктар тууралуу расмий маалыматтарды алуу максатында өлкөнүн компетенттүү органдары менен байланышта.  

Copyright © 2017 Maral FM