Connect with us

Акыйкатчы институту тергөө абагында 20дан ашык киши ачкачылык кармап жатканын билдирди

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 194 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги тергөө абагына барганын аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, институт жалпыга маалымдоо каражаттарына жана социалдык тармактарда камакка алынгандардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу чыгып жаткан маалыматтарга байланыштуу тергөө абагындагы абалга мониторинг жүргүзүүдө.

Мониторинг учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандар менен баарлашты. Алардын айтымында, 20-декабрдан тарта жыйырмадан ашуун кармалган жаран ачкачылык жарыялоодо. Ачкачылык жарыялоо менен алар күч колдонууну токтотууну жана адвокаттар менен тоскоолдуксуз жолугушууну камсыз кылууну талап кылышууда.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кармалгандардын айрымдарынын дене-боюн карап чыкты. Алардын ичинен экөө акыйкатчынын атына арыз менен кайрылып, тергөө абагынын кызматкерлери күч колдонгонун белгилешти.

Айтымдарында, аларды союл менен сабап, тепкилешкен, медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Денелеринде ур-токмоктун белгилери, шишиктер жана гематомалар бар экени аныкталган.

Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө мекеменин жетекчилиги тарабынан 21-декабрдан тарта айыпталуучулардын жана соттолгондордун жактоочулары менен жолугуу графиги өзгөртүлгөндүгү белгилүү болду. Ага ылайык, ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш күнү болуп эсептелинет.

Акыйкатчы институту Жазык-процесстик кодексинин 46-беренеси боюнча айыпталуучу өз жактоочусу менен жекеме-жеке жана убакытка чектөөсүз эркин баарлашууга укуктуу экенин эскертет.

Ошол эле маалда тергөө абагынын жетекчилигинин абактагыларга келгендерди жолуктуруу графигин өзгөртүү боюнча чечиминин мыйзамдуулугун текшерүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кат жолдоду. Мындан тышкары, тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан кармалгандарга карата күч колдонгону боюнча бардык чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM