Connect with us

Жаза аткаруу кызматы тергөө абагындагы мыйзам бузууларды четке кагууда

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 94 | 0

Жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагындагылардын массалык түрдө сабалышы, ачкачылык жарыялоо жана адвокаттар менен укук коргоо уюмдарынын ишине тоскоолдуктар болуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагууда.

Мекемеден билдиришкендей, тергөө абагындагы бардык айыпталгандар жана соттолгондор ички тартипти сактоого, тазалыкты сактоого, сырткы келбетине көз салууга жана мекеменин кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга милдеттүү.

«2024-жылдын 20-декабрынан бери СИЗО-1ге 289 жактоочу келди, алардын 12си бир күндө, 21-декабрда келишти. СИЗОну Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери да текшеришти. «Кийинчерээк кайра чакыртып алынган эки арызды кошпогондо, мыйзам бузуулар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, учурда Темирлан Султанбеков гана ачкачылык кармап жатат.

25-декабрда парламентте да бул маселе көтөрүлүп, депутаттар тергөө абагында чындап эле мыйзам бузуулар, уруп-сабоолор болуп жатабы, текшерип, маалымат берүүнү талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM