Connect with us

Алып баруучуларды микрофон менен чапкан адам милицияда кармалууда

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 176 | 0

Бишкектеги тойканалардын биринде алып баруучулардын башына микрофон менен урган активист Илимбек Исмаилов милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Ал 24-декабрда Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык административдик камакка алынган.

Соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалууда.

Исмаиловго 5500 сом айып пул салынат же 30дан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат же 3 суткадан 5 суткага чейин камакка алынат.

24-декабрда социалдык тармактарда иш-чара учурунда эркек киши микрофон менен алып баруучу баланы жана жанында турган алып баруучу кызды чаап жибергени тартылган видео тараган.

Ал Илимбек Исраилов аттуу активист экени белгилүү болду. Ал өзү видео жарыялап, алып баруучулардан жана коомчулуктан кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM