Connect with us

Казакстанда учак кулап, 22 адам ооруканага жеткирилди

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 285 | 0

Казакстандын Актау шаарында Баку-Грозный каттамындагы учак кулап түштү. Учакта жалпысынан 67 болгон. Анын ичинен 5 адам экпаждын өкүлдөрү калгандары жүргүнчүлөр экени кабарланды. Авиакырсыктан 25 адам тирүү экени, дагы 22 адам оорканага жеткирилгени кабарланды.

Жүргүнчүлөрдүн ичинен 3 адам Кыргызстандын жарандары экени айтылууда.

Мындан тышкары 37 адам Азербайжандын, 16 адам Орусиянын, 6 жүргүнчү Казакстандын жарандары болгон.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 150 кызматкери куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Учак Азербайжандын Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык экени айтылууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча учактын кырсыкка учурашынын себеби, чымчыктар учактын айлангычына кирип кеткени кабарланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM