Connect with us

Парламент коррупция кылган мамлекеттик кызматкерлерге жазаны күчөтүү мыйзамын колдоду

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 182 | 0

Жогорку Кеңеш 25-декабрдагы жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

-жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартылат.

-коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салынат,

-коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыппулдар жокко чыгарылат,

-күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо каралган.

Буга чейин парламентте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жогоруда айтылган мыйзам долбоору боюнча маалымат берип, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатканын, бирок жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калып жатканын, айрым жерлерде өсүп да кеткенин билдирген. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталган.

Copyright © 2017 Maral FM