Биз менен байланышыңыз

«Жоголгон урналардын 45и Ак үйдөн табылды»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Дек 2020 | 1410 | 0

Парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда 130дай таштанды урнасы жоголгон. Анын 45и Ак үйдөн табылды. Калган урналар изделүүдө. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте таштанды урналарын өрттөп, дөнгөлөктөрүн талкалап, уурдап кеткен учурлар арбын. Буга байланыштуу 2021-жылы урна сатып алуу пландалууда. Себеби калаага 1500 урна жетишсиз.

Таштанды үчүн ай сайын киши башына 22 сом 50 тыйындан алынат, аны да төлөбөй жүргөндөр көп. «Тазалык» калаадагы 29 калктуу конушта таштандыларды ташып кетүү иштерин жүргүзөт. Калган конуштарды жеке менчик формалар тейлейт.

Мындан сырткары «Тазалык» мыйзамсыз курулган объектилерди бузууга, көчүрүүгө жылына 8 млн сомдой каражат жумшайт. Ал эми атылган ар бир ит үчүн ит атарларга 270 сомдон төлөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM