Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштандыларды сорттоо заводун куруу боюнча тендер өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Фев 2021 | 667 | 0

Бишкекте жакынкы айларда санитардык полигондун жана таштандыларды сорттоо заводунун курулушу боюнча тендер өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Эшенбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта тендер өткөрүү үчүн документтер даярдалууда.

Таштандылар багытында Европа өнүктүрүү банкы менен биргеликте ири долбоор ишке ашырылууда. Таштандыларды сорттоо жана мурунку полигонду рекультивациялоо багытында жалпы суммасы 22 млн евро каралган. Учурда долбоордун 60 пайызы ишке ашты.

Шаар тазалоодо 39 атайын техника иштейт. Ал эми катуу таштандыларды чыгарууда 60 техника кызмат кылат.

Copyright © 2017 Maral FM