Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик 3 фирма таштандыларды иштетүүгө кызыкдар»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2019 | 741 | 0

Швейцария, Орусия жана Американын фирмалары Кыргызстанга келип, таштандыларды кайра иштетүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, америкалык фирма таштандыларды кайра ишетүүчү кичи завод куруп берели деп жатат. Компания тийиштүү тетиктерди өзү алып келет. Ал заводду жылдырып иштетүүгө болот. Алсак, Ысык-Көлдүн таштандыларын иштетип бүткөн соң заводду Караколго көчүрүп келүүгө мүмкүн.

«Бул маселени өкмөт да колго алышы керек. Бирок өкмөт желим баштыктарды колдонууга тыюу салган мыйзам керек экенин кеч түшүндү. Таштандыларды кайра иштетүнүү колго ала турган адамдар бар. Алар ассоциация уюштуруп жатат. Уюмга окумуштуулар, экологдор мүчө», — деди Иманкожоева.

Copyright © 2017 Maral FM