Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жылына 6000 тонна полиэтилен баштыгын таштандыга таштайт

Коом | 20 Июн 2020 | 1584 | 0

2022-жылдан баштап Кыргызстандын аймагында полиэтиленден жасалган баштык, материалдарды колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Аталган долбоор парламентте каралып, 1-окуудан кабыл алынды. Бул демилгени көтөрүп чыккан депутат Марлен Маматалиев менен маек курдук.

-Бул — дүйнөлүк көйгөй. Кыргызстанда дагы полиэтилен баштыкчаларын колдонууга тыюу салуу керек деген бир канча демилгелер, сунуштар айтылып келген. Бирок, ушуга чейинкилер айтылып, сунушталып келгени менен орто жолдон ишке ашпай калды окшойт. Сиз ушул тууралуу да изилдеп көрсөңүз керек. Сиздин сунуш буга чейин айтылган сунуштардан эмнеси менен айырмаланат?

-Бүткүл дүйнө полиэтилен менен күрөшүп жатат. Атайын анализ кылып чыктык. Ага ылайык, дүйнөнүн 85% өлкөлөрүндө полиэтилен баштыктарын колдонууга тыюу салынган.  Бир гана баштыктар эмес, бөтөлкөлөргө дагы тыюу салынган. КМШ өлкөлөрүнүн  арасында биз жана бир топ мамлекеттер ирети менен 2021-25-жылдан баштап, толугу менен полиэтиленден жасалган баштыктарды чыгарууга тыюу салуу үчүн мыйзамдарды кабыл алышты. Бул боюнча мурун дагы  бир топ сунуштар кирген экен. Мыйзамдын өзү дагы бир аз туура эмес жазылып калыптыр. Өкмөттөн терс корутунду келип калгандыгына байланыштуу булардын баары четке кагылган. Корутунду жакшы жыйынтык берсин деген максатта мыйзамга аябай тыкан карадык.  Мыйзамды 3-4 ай жакшылап карап, чогуу тобубуз менен  олтуруп жазып, аягында биринчи окуудан өткөрдүк. Өкмөт тараптан дагы колдоого ээ болдук. Азыркы учурда өз  ирети  менен келе жатат.

-Мыйзамда эмнелер каралган? Мыйзам ишке ашса, кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?

-Жарандарыбызга кыскача түшүндүрүп кетели. 1990-жылдары бул баштыктар Кыргызстанга жаңыдан келгенде, буларсыз жашоо жоктой сезилген эле. Ошол учурда тыюу салсак, эл түшүнмөк эмес. Акыркы 30 жылда анын кесепетин көрүп, түшүнүп калдык. Биринчиден, ал баштыктар адамдын өзүнө, жаныбарларга, жаратылышка канчалык зыян экенин билдик. Жаратылышка кайрылсак, дүйнө жүзүнөн туристтер келип, эс алат. Азыркы көрүнүш адамдын жан дүйнөсүн кейитет. Ысык-Көлүбүздү эле алсак, көлдүн түбүндө дагы баштыктардын жатканын көрүп жатабыз. Полимерден жасалган баштыктардын эң жаман жери  400-500 жыл, айрым илимпоздордун айтымында, 1000 жылга чейин чирибейт. Адамдарга тийгизген зыян жактарына токтолсок. Бизде таштандыны кайра иштетүүчү завод жок. Кыргызстан боюнча 406 полигон бар, алар жалпы 600 гектар жерди ээлейт. Бул жайларда 40% полимерден жасалган баштыктар жатат. Экинчи жагы, биз аларды өрттөйбүз. Өрттөгөн сайын зыяндуу кычкыл заттар чыгат. Алар аба, азык-түлүк аркылуу тарай берет. Жөнөкөй эле короого жашылчаларды тигип койсоң, аларга дагы шамал аркылуу жармашып, организмге кире берет. Адам баласына өтө зыян келтире турган зыяндуу заттар бар. Ошондуктан, бүткүл дүйнө бул нерсе менен  күрөшүп жатат. Биз 2022-жылдан баштап ал баштыктарды колдонууга толугу менен тыюу салалы деп жатабыз. Бул тармакта иш алып барган ишкерлерге 1 жарым жыл убакыт берип жатабыз. Чыгарып жаткан продукциясын башка продукцияга алмаштыруусун сунуштап жатабыз. Баштыктар толук жок болот дегенден алыспыз. Алар болот, бирок башка чийки заттардан жасалат. Полимерден эмес, крахмалдан жана башка бир топ заттардан  жасаса болот. Алар 1-2 айда жок болуп кетет. Бул жакшы көрүнүш. Заводдо башка зат менен менен  алмаштырып чыгарганга 2 миллион сомдой чыгым кетет. Биздин ишкерлер да шаймандарын алмаштырып алса, өздөрүнө жакшы болмок. Ушундай кадамга барганыбыз туура болот.

— Мыйзам колдоо таап, кабыл алына турган болсо, көзөмөлдөө механизми кандай жүрөт?

— Өкмөт жана агенттиктер ишке ашырат. Бул ишти аткаруу үчүн 3,4 министрликке милдет жүктөлөт. Мыйзамды сактабагандарга айыппул киргизип жатабыз. Полиэтилен баштыктарын чыгарууну токтотпосо, 18 000-30 000 сомго чейин айыпка жыгылат. Ал эми жөн эле сата турган болсоңуз, 1000-5000 сом, алдоо жолу менен сатса, 5000 сом айыппул салынат. Маселени ушул механизм менен жөнгө салса болот.

— Полиэтилен материалдарын, баштыктарын өндүрүп чыгаруу практикасы Кыргызстанда эле барбы же ипморттолгон учурлары дагы көп бекен?

— Биз баарын санап чыктык. Бул жаатта иштеген ишкерлер көп деле салык төлөбөйт. Болгону 20 гана ишкер иштейт , 9 миллион сом салык төлөйт. 20 ишкер жылына 3000 тонна продукцияны иштеп чыгарат. Сырттан дагы 3000 тонна алып келет экенбиз. Бул өлкөбүзгө жылына 6000 тонна таштанды кирип жатат дегенди туюндурат. Бул — өтө чоң көлөм. Киргизүүгө, чыгарууга дагы тыюу салып жатабыз.

-Баштык чыгарууда жаңы сунушталып жаткан сырьё менен азыркы учурдагы материалдардын ортосунда баа айырмачылыгы барбы?

— Айырмачылык сөзсүз болот. Мисалы, жаңы баштыктар 3,4 сомдон айланат. Азыркылар менен салыштырганда 1,2 сомго айырмасы болот. Ар бир жаран  түшүнүү менен 1-2 сом көбүрөөк төлөсө болот. Азыр деле гипермаркеттерде баштыктын жаңы түрүн сатып жатышат. Убакыт өтүп, бул нормалдуу көрүнүшкө айланат.

-Бул мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Депутаттардын пикирлери кандай? Колдоп беришеби? Себеби депутаттардын арасында да ишкерлик менен алектенгендер бар. Кээде лобби болуп кетиши да мүмкүн го?…

— Бизде мыйзамдар каралып жатканда, лобби маселеси пайда болуп калат. Бирок бул долбоордо бир да карама-каршылык көргөн жокмун. Жыйын бүткөн соң, 5-6 депутат келип, мени да авторлукка кошуп койчу деп суранышты. Өздөрүнүн пикирлерин, сунуштарын айтып жатышты. Өздөрү анализ кылгандарын көрсөтүп жатышты. Илимпоздор менен барып, күйгөнүн көрүп, кандай зыян экенине күбө болгондор дагы бар экен. Толуктап айтканда, чын дили менен күйгөндөр да жок эмес. Комитетте кендир (конопля) тууралуу маселе көтөрүлүп калды. ММКда туура эмес маалымат чыгып кетти. Ал жерде пикир катары  айтылды. “Баштыкты башка чийки заттан жасайт экен. Биздин кендирден да чыгарса болот” деген сөз болду. Ал деген техникалык кендир (конапля) деп аталат. Анын эч бир наркотикалык зыяны жок.  Наркотикалык составы 0,01%ды түзөт.  Атайын өзүм изилдеп, карап чыктым. Мурдатан бизде бул нерседен кийимдер, материалдар жасалчу экен. Бул ыкмага Орусия толугу менен өтүптүр.  Ал жакта 4000 гектарга эккенге уруксат бериптир. Өзбекстанда дагы ушундай тажрыйба бар. Түркия 2019-жылы президент өзү баш болуп колдогон. Техникалык кендирди өстүрүп, футболка тигип, ар кандай буюмдарды жасашат. Айтор, бул сырьёдон 118 нерсени жасаса болот.

-Бул эми 2022-жылы кабыл алынып, чектөө кире турган болсо, жакшы иш болот. Буга чейинки жылдардын ичинде чогулган баштыктарыбыз бар. Таштанды полигонунда азыркы калыбында бир канча жылга жатары өкүнүчтүү. Аны рекультивация иши же зыянсыздандыруу чарасы боюнча кандай оюңуз бар?

-Бир убакта түтүн маселеси көпчүлүктү катуу түйшөлткөн. Аны азайтуу боюнча долбоорду сунуштап, парламентте кабыл алган элек. Ошол жерде полигондордо таштандыны өрттөбөсүн деген чечим кабыл алынган. Анткени, полигондордо таштандыны өрттөп жатканда бир эле баштыктар эмес, ар кандай зыяндуу заттар күйөт. Алар экологияны бузуп жатат. Азыр өрттөгөндөн башка ыкма дагы, шарт дагы жок. Таштандыны иштетип чыгууу заводубуз жок. Бул — өтө чоң көйгөй. Заманбап турмушта бизде завод жок дегендик — акылга сыйбаган нерсе. Токтомдо бул тууралуу 2020-жылдан баштап, сүйлөшүү процесстери башталсын деп бергенбиз. Долбоорун чийип, иштер башталсын деген элек. Пандемияга байланыштуу жылып кетти. Бирок, 2021-жылдан баштап, катуу талапты коюп, бул маселени чечпесек болбойт. Таштандылардан арылуу үчүн акча дагы каралган эмес. Аны сорттоп чыгарып ала турган механизм дагы жок. Же заводдун ачылып, ишке киришин күтүү керек. Атайын мештин ичинде күйүп, жок боло турган механизми бар экен. Муну да колдонсок болот.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM