Биз менен байланышыңыз

Таштандыдан жер семирткич жасаса болот

Коом | 17 Сен 2021 | 1372 | 0

Жашылча-жемиштерди өстүрүүдө, талаа иштеринде селитра жана башка көптөгөн ушул сыяктуу химиялык жер семирткичтер колдонулуп келет. Бирок бул каражаттар өсүмдүктөгү табигый заттарды жоготуп, адамдын ден соолугуна зыян алып келерин дарыгерлер айтып жүрүшөт. Химиялык заттардын ордуна органикалык жемиштердин кабыктарынан жаз, күз мезгилдеринде чогулган чөп-чарлардан да компосттоо жолу менен табигый жер семирткич жасап, андан зыянсыз азыктарды өстүрүүгө болот.

Бишкектин «Сарөзөн» базарынын четинде таштандылардын аралашып жатканын көрүүгө болот. Бул жакта жашылча-жемиш дүңүнөн сатылганы үчүн бузулуп кеткендиктен, чириктери таштандыга ыргытылат. Андан чыккан жагымсыз жыт кардарларды да, сатуучуларды да ыңгайсыз кылып келген.

Ыргытылган аралаш таштандыдан жер семирткич иштеп чыгарууга болорун «Эковолонтер» долбоору изилдеп, ишке ашырган. Анын координатору Нурзат Жумамүдүнованын айтымында, мында жапониялык ыктыярчылардын да салымы бар.

«Аң казып органикалык калдыктарды, тактап айтканда, картошканын, жумуртканын кабыгы, оттун күлү жана кык үстү-үстүнө салынат. Нымдуулук сакталышы үчүн аңга дайыма суу куюлуп турушу керек. Компосттоо мөөнөтү — 6 ай. Ал эми аппаратта 1 айдын ичинде эле табигый жер семирткич алса болот».

Компост — түрдүү органикалык заттардын чириндисинен алынган жер семирткич. Компосттоо үчүн шакел, көң, тамак-аштын калдыктары колдонулат. Аны кадимки үй шартында жасаса болот. Экоыктыярчылар биригип, компосттоонун дагы бир ыкмасын иштеп чыгышкан. Алар төрт мезгил бою табигый жер семирткич даярдоочу атайын аппарат ойлоп табышкан.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын негизинде таштандыны кайра иштетүү боюнча экоыктыярчылар грант утуп, атайын компосттоо тууралуу маалыматтарды жайылтууга колдоо тапкан. БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Калия Акматова долбоордун арты менен компосттоо тууралуу маалыматтык кампания жүрө турганын айтты.

«БУУнун Өнүктүрүү программасы боюнча «Жашыл экономика» долбоорунун негизиндеги таштандыны кайра иштеттүү боюнча жүргүзүлгөн конкурста  экоыктыярчылар грант утуп алышкан. Компосттоо ыкмасын Бишкекте жайылтуу боюнча  болгон. Учурда ишке ашыруу иштери жүрүп жатат. Долбоор жарым жылга созулат. Ушул аралыкта компосттоо тууралуу кеңири маалымат жайылтылат».

Copyright © 2017 Maral FM